Казакстандын быйылкы мунай өндүрүшү 96,2 млн тонна болот деп пландалган. ОПЕК+ орток келишим алкагында мунай өндүрүү көлөмүн өзгөртүү тууралуу чечим чыгарды. Ага ылайык, жыл соңуна чейин кара алтын өндүрүү көлөмү бештин айында суткасына 137 миң баррелге көбөйтүлөт. Азыркы өндүрүш суткасына 1,65 млн баррелди түзөт. Ал эми 2026-жылдан көбөйтүлгөн өлчөм кайра азайтылат. Жетинин айынын 2де ОПЕК+ уюмуна мүчө 8 мамлекет — Сауд Арабиясы, Орусия, Ирак, БАЭ, Кувейт, Казакстан, Алжир жана Оман онлайн-жыйын өткөрүп, рынокту турукташтыруу максатында чечим кабыл алган эле. Акыркы жолу мындай түзөтүү 2023-жылы жасалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

