Казакстандын үчтүн айы-тогуздун айларындагы экспортунун көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Өлкө ата мекендик өнүмдү сырттан жеткирүүдөн 71 миллиард доллардан ашык пайда көргөн. Энерджипром аналитиктеринин айтымында, мурдагыдай эле мунай жана металл өлкөнүн негизги экспорттук товары бойдон калууда. Быйылкы жылдын 10 айынын ичинде чет өлкөлөргө «кара» алтынды сатуудан республика АКШ валютасында 41 миллиарддан ашык киреше тапты. Адистердин айтымында, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59%га көп. Европа өлкөлөрү салттуу түрдө казак мунайынын негизги импорттоочулары болуп саналат. Нарк жагынан экспорттун дээрлик үчтөн бир бөлүгү Италияга, 9%дан ашыгы Нидерландыга жана 5%дан ашыгы Францияга туура келген. Түштүк Корея жана Кытай да негизги сатып алуучулардын арасына кирет. Экспорттун алдыңкы ондугуна ферро эритме, жез менен цинк сыяктуу кара жана түстүү металлургиянын өнүмдөрү кирген. Таш көмүргө келсек, Казакстан бул өнүмдү жеткирүү географиясын бир топ кеңейтти, тагыраагы 12ден 29га чейин. Ал эми күйүүчү майдын бул түрүн сатуудан республика эки эсе көп 819 миллион доллар киреше тапкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков