Казакстан-Тажикстан: кызматташтыкты чыңдоо

Казакстан-Тажикстан: кызматташтыкты чыңдоо

Казакстан менен Тажикстан өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү көздөп жатат, ал былтыркы жылы 910 миллион долларды түзгөн. Белгилей кетсек, республика коңшу өлкөгө буудай, жаратылыш газы, мунай өнүмдөрү, май жана макарон азыктарын жеткирет. Бул узун экспорттук тизме жакында ата мекендик өндүрүштөгү трансформаторлор менен толукталат. Жабдууларды жеткирүү эки өлкө тарабынан Дүйшөмбүдө өткөн биргелешкен бизнес-форумда макулдашылды.

Еркебулан Илиясов, Электротехникалык жабдык өндүргөн компаниянын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:

- 1 миллион АКШ доллары суммасына түз келишим түздүк. Сумма жагынан алганда, бул 110 киловольттук чыңалуудагы төрт кубаттуу трансформатор. Алар шаардык объектилерге жеткирилет, учурда колдонуудгы подстанцияларды алмаштырат, айрыкча көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатат.

Серепчилердин айтымында, 2020-жылы Казакстан экспорттогон өнүмдүн жалпы көлөмү 757,5 миллион АКШ долларынан ашты.

Нуралы Бөкейханов, Соода саясатын өнүктүрүү борбору башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Казакстан салттуу түрдө Тажикстан базарына дан азыктарын жеткирип турат. Бул буудай, ун, кондитердик азыктар. Биздин кондитердик компаниялар өндүргөн өнүмдөрдүн бардыгы ушул жерде сунушталган. Алардын мында өзүнүн кеңселери бар, атүгүл Дүйшөмбүнүн каалаган супермаркетинен казакстандык өнүмдү табууга болот. Ошондой эле, биз Тажикстанга канаттуу, уй жана кой эти сыяктуу эт азыктарын да сатабыз.

Бизнес-форумда соода келишимдерин түзүүгө 20га жакын ата мекендик компания өз өнүмдөрүн сунуштады. Бүгүнкү күндө темир жол паркында эки казакстандык локомотив бар. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, дагы төрт тарткычты жеткирүү боюнча жаңы келишимге кол коюлду. Долбоордун жалпы наркы 10 миллион долларды түзөт.

Джамшед Джумахонзода, Тажикстандын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы:

- Менин оюмча, бул жерде нарк менен сапаттын катышы маанилүү ролду ойноду. Албетте, биздин компаниялар узак мөөнөттүү тарыхый байланышта экендигин белгилей кетүү керек. Балким Казакстан Республикасынын өнүмү белгилүү кадыр-баркка ээ.

Дүйшөмбүдө «Коопсуз шаар» тутуму иштейт. Жол жээгинде орнотулган камералар мыйзам бузуулардын санын бир топ кыскартат. Алар коомдук жайларда көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүүнү мерчемдөөдө. Казакстандын «Сергек» долбоору тажик делегациясынын кызыгуусун жаратты. Тараптар бул жаатта дагы кызматташтык орнотууга ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда тажик ишкерлеринин катышуусу менен 400гө жакын компания каттоодон өткөн, төрт биргелешкен ишкана түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков