2028 - жылга карата автотранспорт экспорту 3 эсеге артат

2028 - жылга карата автотранспорт экспорту 3 эсеге артат

Жакынкы 4 жылда Казакстанда чогултулган автоунаалардын экспорту 3 эсеге өсөт. Бул өлкөнүн унаа жасоо тармагын өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга арналган комплекстүү планында каралган артыкчылыктардын бири. Документ тармактын өндүрүш көлөмүн жана инвестициялык агымын көбөйтүүгө, ошондой эле, тажрыйбалуу адистерди даярдоо системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Серепчилердин божомолу боюнча, пландын аткарылышы машина жасоо өнүмдөрүнүн жалпы кошумча наркын төрт жарым эсеге, реалдуу көлөм индексин эки эсеге жана инвестиция тартуу көлөмүн бир жарым эсеге өсүүсүн камсыз кылат. Жалпысынан комплекстүү план 7 багыттан жана 79 иш-чарадан турат. Айта кетсек, ата мекендик унаа жасоо индустриясы туруктуу өсүш көрсөтүүдө. Былтыр өндүрүш темпи 11 пайызга, ал эми быйылкы жылдын 10 айында дээрлик 30 пайызга өскөн. Натыйжада жыл башынан бери 3,3 триллион теңгелик өнүм чыгарылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков