Казакстандын Улуттук банкынын 2023-жылдагы негизги максаты - инфляцияны турукташтыруу. Ага жетүү үчүн 2030-жылга чейин акча-насыялык стратегияны ишке ашыруунун алкагында иштер улантылат. Бул тууралуу банктын төрагасы Галымжан Пирматов ата мекендик маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди. Ал ошондой эле ийкемдүү баа саясаты улантыларын билдирди. Башкача айтканда, валюта рыногунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык резервдерди кармап туруу боюнча чаралар көрүлөт. Өткөн жылды жыйынтыктап жатып, каржы структурасынын төрагасы кичи жана орто бизнес субъектилери үчүн насыялык талаптарды жөнөкөйлөтүү сыяктуу убактылуу, бирок натыйжалуу чаралар киргизилгендигин белгиледи. Алардын баары 2024-жылга чейин колдонулат. Ошондой эле, экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча «Товар экономикасы» программасынын алкагында бериле турган насыялар боюнча пайыздык чендерин субсидиялоо мөөнөтүн 7 жылга чейин көбөйтүү каралууда. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар менен үзгүлтүксүз иштер жүрүп жатканын Галымжан Пирматов кошумчалап өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков