Казакстан менен Ооганстан соода чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө дарамети жеткиликтүү. Бул тууралуу Алматыда өткөн Казакстан-Ооганстан бизнес форумунда айтылды. Ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн 170 компаниянын өкүлдөрү атайын келишти. Белгилей кетсек, акыркы убакта эки өлкөнүн соода алакалары күч алууда. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында тараптар 330 миллион доллардан ашык соода жүргүзүшкөн. Анын басымдуу бөлүгү Казакстандын экспортуна туура келет. Ооганстандын экспорту ун, күн карама майы, жаратылыш газы жана жер семирткичтерди кошкондо 316 миллион доллардан ашты. Ал эми импорттун көлөмү 14 миллион доллар. Келечекте эки өлкө өз ара товар жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүгө кызыкдар. Жалпысынан иштиктүү жолугушуунун алкагында 50 миллион доллардан ашык суммага соода келишимдери түзүлдү.
Ербол Тасжүреков, Айыл чарба вице-министри:
– 40 миллион калкы бар Ооганстандын рыногу биз үчүн тартымдуу. Буга байланыштуу биз Ооган ишкерлери менен жолугушуп, товар жүгүртүүнүн көбөйүшүнө тоскоол болгон маселелерди талкууладык. Соода алмашуудагы негизги өнүм албетте – буудай менен ун экспорту. Мындан башка да товарлар соодасын арттыруу кажет.
Нуриддин Азизи, Ооганстан Соода жана индустрия министри:
– Жалпысынан Казакстан менен экономикалык жана соода кызматташтыгыбыз жылдан жылга өсүүдө. Биз Астанада Ооган товарларынын дүкөнүн ачабыз. Ошондой эле туруктуу көргөзмө түзүүнү колго алабыз. Казакстан тараптан Герат шаарында соода үйү ачылды. Казакстандык инвесторлорду Ооганстанга чакырам. Бизде кен казуу, өнөр жай, айыл чарба, соода жана кызмат көрсөтүү жаатында чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
Форумда логистика маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Кытай-Казакстан-Ооганстан багыты боюнча логистикалык хаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Учурда Ооганстан товарларын Пакистан жана Иран аркылуу алат. Ооган өкүлдөрү жаңы хабдын түзүлүшү эки тарап үчүн тең ыңгайлуу дешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков