Казакстанда 5 жылдын ичинде атайын экономикалык жана
индустриалдык атайын аймактарда кайра иштетүү өнөр жайында 200гө жакын жаңы
долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Алардын инфраструктурасын өнүктүрүү -
керектүү инженердик жана транспорттук тармактарды тартуу - бул өнөр жай
аянтчаларынын инвестициялык тартымдуулугун аныктоодо маанилүү учур. Бул
тууралуу премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде
айтылды. Мисалы, азыр экономикалык жана индустриалдык зоналардын жанында көмөк
чордондо жана транспорттук тармактарды куруу активдүү иштелип жатат. Өнөр жай
жана курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда 17 атайын
экономикалык жана 66 индустриалдык зона иштейт - ал жерде 860 долбоор ишке
ашырылган, ал эми аларга жеке инвестициялардын көлөмү 6 триллион теңгеге жакын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

