Транскаспий эл аралык транспорт каттамында жүктөрдү ташуу убактысы эки эсеге кыскарды

Транскаспий эл аралык транспорт каттамында жүктөрдү ташуу убактысы эки эсеге кыскарды

Маселен, былтыр өлкө боюнча транспорттун бул түрү үчүн 12 күн талап кылынса, азыр транзит республиканын аймагын 6 күндө эле кесип өтөт. Жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 5 суткага чейин жеткирүү пландалууда. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында аталган эл аралык коридорду өнүктүрүү чаралары каралды. Жалпысынан Кытайдан Кара деңиз портторуна жеткирүү убактысы 53 күндөн 23 күнгө кыскарды. Быйылкы жылдын аягына чейин 14-18 күнгө жетиши керек. Мындай өнүгүү катышуучу мамлекеттердин багытындагы тоскоолдуктарды жоюу, өткөөл тарифтерди киргизүү жана башка чараларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен жумуштун натыйжасы болуп саналат. Ошондой эле, кеңеште бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүнү жана жүк ташуулардын кепилденген көлөмүн бекитүүнү караган Казакстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык коридорду өнүктүрүү боюнча макулдашууну даярдоо маселеси бышыкталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков