Казакстан менен Кытай тоо-кен тармагында бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Алар негизинен кен чалгындоо, казып алуу, байытуу жана терең казып алууга байланыштуу иштер. Эки тараптын инвестициялык кызматташтыгын тереңдетүү маселелери Бээжинде өткөн казак-кытай ишкерлер кеңешинин алкагында талкууланды. Жолугушууда казак делегациясы кытайлык кесиптештерин өлкөдө чет элдик инвесторлорго каралган жеңилдиктер жана артыкчылыктар тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде, Кытай Эл Республикасынын ишкерлери кызматташуунун ар кандай жолдорун сунуштап, технология жана каржы жаатындагы чет өлкөлөрдө жүзөгө ашырып жаткан өз долбоорлору менен тааныштырышты.
Цзя Минсин, Кытай түстүү металлургия бирикмесинин башкы катчысы:
- Кытай көп жылдардан бери түстүү металлургияны өнүктүрүп келе жатат. Биз геологиялык чалгындоо, өндүрүү, куюу жана байытуу технологиялары боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турабыз. Ошондуктан, эки өлкөнүн бири-биринен үйрөнө турган нерселери көп. Кытай Казакстанда алюминий жана жез өндүрүү жаатында бир нече долбоорду ишке ашырган. Ошондой эле, биз сиздерге жабдууларды жана технологияларды жеткиребиз. Бул өз кезегинде өнүмдүн өздүк наркын арзандатууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков