Казакстанда жылдын аягына чейин геологиялык отчетторду иштеп чыгуу жана жасалма интеллекттин жардамы менен геологиялык изилдөөлөрдүн базасын түзүү долбоору ишке ашырылат. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана курулуш министрлиги билдирди. Адистердин айтымында, жасалма интеллект сканерленген документтерди, анын ичинде отчетторду, таблицаларды жана карталарды тааныйт. Андан ары маалыматтар машина окуй турган Big Data форматына которулат. Алардын негизинде потенциалдуу кен чыккан жерлердин геологиялык моделдери түзүлөт. Андан кийин маалыматтар жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасына жүктөлөт. Маалыматтардын ыңгайлуулугу, ачыктыгы жана тактыгы геологиялык маалыматты инвесторлор үчүн түшүнүктүү кылат. Жалпысынан 22 мамлекеттик кызмат санариптештирилди. Ушул жылдан баштап лицензиялык-келишимдик шарттар боюнча отчеттуулук толугу менен санариптик форматка өттү.
Которгон: Назира Бегалиева

