Казакстандыктар кандай каржы куралдарын тандайт?

Казакстандыктар кандай каржы куралдарын тандайт?

Казакстандыктар кандай каржы куралдарын тандашат? Бул суроого өлкөдөгү эң ири инвестициялык компаниянын серепчилери жооп издешти. Акыркы 9 айда бул тизмени баалуу кагаздар баштап турат. Казакстандагы эң белгилүү каржы инструменттеринин арасында уюлдук байланыш компанияларынын акциялары, атомдук жана газ компанияларынын баалуу кагаздары бар. Облигациялар - казакстандыктар арасында дагы бир популярдуу инвестициялык инструмент болуп саналат. Микрофинансылык уюмдардын жана лизингдик компаниялардын баалуу кагаздары өзгөчө суроо-талапка ээ. Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы – аяк оона айларында Казакстандын фондулук биржасында облигациялардын соодасынын жалпы көлөмү 1,3 триллион теңгени түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков