Түндүк аймакта улуттук баалуулуктарды даңазалап жүргөн зейнеткерлер Казакстандын рекорддор китебине кирди. Ак жоолукчан байбичелер республикалык «Аламан курак» сынагына катышып, узундугу 500 метрлик курак төшөк тигишкен.
Ал эми бул «Аламан курак» төшөк. 133 блоктон турат.
Бул - «Аламан курак» сынагында тигилген төшөктүн бир гана бөлүгү. Чеберлер: «Көздүн майын алган бул ишке чыдамкайлык, эптүүлүк керек» дешет.
Биздин курак төшөгүбүз мындай чарчылардан турат. Ар бир тилке эки жарым сантиметрден кесилип алынат.
Чоң энеси менен чогуу жүрүп, тигүүчүлүктүн сырын үйрөнүп, бүгүнкү күндө неберелерин багып жаткан асыл байбиче Райхан Сураганова казактын тарбиясын аң-сезимине сиңирип өскөн. Колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчү пенсияга чыкса да, сүйүктүү ишин бир саамга да таштаган эмес.
Райхан Сураганова, чебер:
— Негизи мен математика мугалими болууну кыялданчумун. Бирок чоңойгондон кийин кол өнөрчү мугалимине айландым. 26 жыл бою Кожаберген жырау атындагы мектепте кыздарга кол өнөрчүлүктөн сабак бердим. Колдон келишинче аларга дарстарды окуп, билгендеримди үйрөтүү менен алектендим.
Чоң эне көргөн тон бычат. Улуттук өнөрдү көпчүлүккө даңазалап жүргөн чебер байбичелердин пландары көп. Быйыл Астанада бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында курак курап, төшөк тигип, Гиннестин рекорддор китебине кирүүнү максат кылышууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков