К.Токаев Казакстан элине кайрылуу жасады

К.Токаев Казакстан элине кайрылуу жасады

Казакстанда парламент бир палаталуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу сунушту президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн элге кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчысы мындай демилге жалпы улуттук референдумга чыгарылышы мүмкүн экенин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, өлкө үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ болгон бардык маселелер элдин макулдугу менен гана чечилиши керек. Эгерде бир палаталуу парламентти түзүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, анда президенттин пикиринде, аны дүйнөдө кеңири таралган парламенттик салттарга ылайык, партиялык тизмелер боюнча гана шайлоо керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Менимче, реформанын өзгөчөлүгүн эске алганда, талкуу жүргүзүүгө бир жылдан кем эмес убакыт кетет, андан кийин 2027-жылы жалпы улуттук референдум өткөрүп, андан соң Конституцияга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Ошентип, Мажилистин азыркы курамы өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин мыйзам чыгаруу жараяны менен тынч алектенүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми Сенат жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгы чыгарылып, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин ишин улантат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков