Улуттук курултай жылды жыйынтыктады

Улуттук курултай жылды жыйынтыктады

Улуттук Курултай быйылкы иштин жыйынтыгын чыгарды. Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин айтымында, уюштуруучулардын мүчөлөрүнүн демилгеси менен 40 бөлүмдөн турган атайын план кабыл алынган. Алардын көпчүлүгү аткарылды. Быйыл Парламент аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзам кабыл алып, ага президент кол койду. Ошондой эле баңги бизнесине каршы күрөшүү жөнүндө документ кабыл алынып, мамлекет башчысына жөнөтүлдү. Уюштуруучу мүчөлөр бул мыйзамдарды иштеп чыгууга активдүү катышты. Жалпы улуттук баалуулуктарды жайылтуунун алкагында жыл ичинде илим, билим берүү, маданият жана ономастика жаатындагы бир катар мамлекеттик жана коомдук долбоорлор жана демилгелер ишке ашырылды.

Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:

- Дагы бир маанилүү ой айтылды. Мамлекеттик сыйлыктар тутумундагы жаңы аталыштарды белгилесек деген. Бизде «Курмет», «Парасат», «Барыс» сыяктуу мамлекеттик сыйлыктар бар. Бирок айрым инсандар үчүн сыйлыктар болгон жок. Парламентте талкуу болуп, улуттук Конвенциядан кийин чын куран айында ушундай маанилүү мыйзам кабыл алынды. Ошентип, Айбын орденинин 3-даражасында Ата Мекендик согуштун 3 баатыры Сагадат Нурмагамбетов, Бауыржан Момышулы жана Ракымжан Кошкарбаевдин ысымдары аталды.   

Мамлекеттик кеңешчи Президенттин Атырауда айтылган 4 масштабдуу инфраструктуралык план кандайча аткарылып жатканына токтолду. Ерлан Карин улуттук Курултай натыйжалуу диалог аянтчасы гана болбостон, коомдогу актуалдуу маселелерди көтөргөн негизги борборлордун бирине айланганын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков