Казакстан илбирстерди спутниктик телеметрия аркылуу көзөмөлдөйт

Казакстандык зоологдор илбирстин ар бир кадамын көзөмөлдөөнүн инновациялык ыкмасын ойлоп табышты. Эми бул жырткычты спутниктик телеметриянын жардамы менен байкоого болот. Ушул убакка чейин фото капкан илбирстерди издөөнүн бирден бир жолу болгон.  Айта кетсек, акыркы 30 жылда ак илбирстин саны эки эсеге көбөйгөн. Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында 180 илбирс жашайт. Алардын 120сы өзгөчө корголуучу улуттук парктарда жана коруктарда сакталган.

 

Алексей Грачев, Илим жана жогорку билим министрлигинин зоология институтунун лаборатория жетекчиси:

 

- Азыркы учурда 10 илбирс спутниктик маалымат таратуучу белги менен камтылды. Биз алардын ар бир кадамына көз салып турабыз. Спутниктик телеметриянын бир артыкчылыгы - биз дал ошол учурда эмне болуп жатканын көзөмөлдөй алганыбызда.  Биз ошол учурда илбирстин кайда экенин гана билбестен, анын жүрүм-турумунун өзгөчөлүгүн да изилдей алабыз. Мындай кадам менен аны толук кандуу коргоого  мүмкүн.

 

Атайын моюнга тагыла турган курал, издөө системасы менен жабдылган. Ал аркылуу тоо жырткычынын жайгашкан жерин гана эмес, анын ден соолугун да көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул технология илбирстердин так санын эсептөө үчүн да абдан пайдалуу. Окумуштуулардын пикиринде, илбирстердин саны жылдан жылга көбөйүүдө.

 

Данияр Турганбаев, экология жана табигый ресурстар министрлиги токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:

 

- Зоология институтунда ак илбирстин генетикалык материалынын криобанкы түзүлдү. Тактап айтканда, 11 эркек жана ургаачы илбирс. Азыр алардын бизге белгисиз жаңы багыттары ачылып жатат. Ал жерде илбирстерди кайтаруунун жолун уюштурганы жатабыз. Бүгүнкү күндө ак илбирстердин санынын азайып кетүү коркунучу жок деп эсептейбиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков