Касым-Жомарт Токаев Костанай облусундагы бир катар обьекттер менен таанышты

Костанай облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев аймактын индустриалдык жана агро өнөр жай дарамети менен таанышты. Облустагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен региондук дүң өнүмдүн көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү мерчемделүүдө. Президент алгач жүк ташуучу унааларга керектүү авто тетиктерди чыгаруучу чоюн куюучу заводго барды. Заводдун иши толугу менен роботтоштурулган. Мамлекет башчы алдыңкы технологиялар менен жабдылган ишканага оң баа берип, жаңы чыгарылган цилиндр блогуна автограф калтырды. Андан кийин Президент КИА автоунааларын чыгарган заводдун курулуш аянтына барды. Ал 2025-жылдын тогуздун айында ишке киргизилет деп күтүлүүдө.  Авто өнөр жай баштапкы этапта соренто, ал эми 2026-жылдан баштап спортейдж моделин курмакчы.  Жалпы наркы 200 миллион долларды түзгөн долбоордун 80 пайызга жакыны түз чет элдик инвестициялардын эсебинен каржыланат. Ошондой эле жаңы заводдо кошумча бөлүктөрдү өндүрүү боюнча кластерди түзүү пландалууда. Касым-Жомарт Токаев "Агромаш Холдинг" локалдаштыруу борборуна барды. Ишкана CLAAS тракторлор менен комбайндардын бир катар кошумча бөлүктөрүнүн катарын даярдоого буйрутма алган. Жакынкы аралыкта AMAZONE компаниясы менен келишим түзүү пландалууда. Касым-Жомарт Токаев ишкананын эмгек жамааты менен жолугушту.

– Өткөн жылы биздин металлургиялык цехте реконструкция болгон. Биз жылуулук берүүчү мештерин сатып алдык.

Андан кийин Мамлекет башчы аймактагы дыйкандар менен жолугушту. Облуста 3 жылдын ичинде кайра иштетилүүчү өнүмдүн үлүшүн 70 пайызга жеткирүү көздөлүүдө. Бул үчүн бир катар товардык-сүт фермаларын жана мал чарба комплекстерин куруу пландаштырылууда. Касым-Жомарт Токаев мамлекет атамекендик фермерлерди колдоону жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүнү улантат деп ишендирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Учурда айыл чарба өнүмдөрүн 2 эсеге көбөйтүү боюнча облус акиминин планын уктум. Министрдин айтымында, пландарды ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Биз тараптан да жардам болот, анткени бул биздин жалпы милдетибиз. Дан, ун өндүрүүдө кайра иштетүүнү терең өнүктүрүү зарыл. Ун түрүндө анын өзүнүн наркы бар, бирок биоэтанолду терең иштетүүдө өнүмдүн наркы кайрадан бир топ жогорулайт. Бул жерде айыл чарбасында чоң мааниге ээ болгон ушул багыттагы технологияларды өнүктүрүүгө көңүл буруу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков