Казакстан эл аралык милдеттенмелерине ылайык
масштабдуу демократиялык реформаларды жүргүзүп, адам укуктарын коргойт. Бул
үчүн мыйзамдык зарыл шарттар түзүлдү, деп билдирет Акорданын басма сөз кызматы.
Натыйжада өлкө демократиялык принциптерди өнүктүрүү боюнча регионалдык лидерге
айланды. Атап айтканда, суперпрезиденттик ыйгарым укуктарды жоюуга багытталган
конституциялык реформалар ишке ашырылып, партияларды каттоо эрежелери
жөнөкөйлөштүрүлүп, Мажилистин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Биринчи жолу
райондук жана шаардык деңгээлдеги акимдер түз шайланды. Элдин өлкөнү башкаруу
ишине жана чечим кабыл алууга катышуусун шыктандыруу максатында Улуттук
курултай иштейт. Реформалар адам укуктарын коргоо системасын күчөттү. Соттордун
көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөр кабыл
алынды. Мамлекетте Адам укуктары боюнча Акыйкатчы институту толук
кандуу иштеп жатат. Конституциялык сот кайра түзүлдү. Ага Казакстандын
жарандары түз кайрылса болот.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков