Мегаполисте «Кала-Бак» акциясынын аркасында жемиш бактары отургузулду. Уюштуруучулардын айтымында, бул шаардын мурдагы атагын кайтарууга жасалган алгачкы кадам. Жалпысынан дем алыш күндөрү алматылыктар 8 миңге жакын көчөт отургузду. Анын жарымын алма бактары түзөт. Көчөттөрдү отургузуу убакыты да жөн жерден тандалган эмес. Себеби күзгү көчөттөр оңой тамыр жайып, келечекте мол түшүм берет. Ал эми адистердин айтымында, бул бак-дарактар жарым кылым же андан да көп убакытка турат. Муну менен катар, шаардын ар кайсы жерлеринде башка да жемиш бактары отургузулган аллеялар түзүлөт.
Адил Төлеген уулу, Алатау районунун коммуналдык чарбачылык бөлүмүнүн башкы адиси:
– Көчөттөр бардык нормага ылайык отургузулду. Айлана чөйрө экологиясы башкармасынын адистери да чакыртылды. Мындан тышкары, шаардын аймагын күн сайын тазалаган подрядчы компаниялар жума сайын бактарды сугарып турат. Азырынча эс алуу күндөрү, тагыраагы, ишемби күндөрү сугарылат.
Жамиля Серкебаева, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:
– Биз сүйүктүү шаарыбыз Алматыны гүлдөтүшүбүз керек. Көргөн адамдын көзү кубана тургандай болууга тийиш. Шаардын коноктору ар бир көргөн жерине суктанып, турист катары бизге кайра-кайра келгени жакшы. Биз мурдагы жашыл шаар атагын кайтарышыбыз керек.
Белгилей кетсек, учурда мегаполисте жашыл аймактар миң гектарга жетпеген жерди ээлейт. 2040-жылга карата бул көрсөткүчтү 3,5 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул убакыттын ичинде кеминде 2,5 миллион бак-дарак отургузуу көздөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков