Казакстан менен Орусиянын аймактарынын ортосундагы
соода-экономикалык кызматташтыктын дараметин ишке ашыруу, ошондой эле өнөр жай
кооперациясынын мүмкүнчүлүктөрү. Бул темалар Уфадагы форумда талкууланууда. Иш-чарага
эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнестин 400дөн ашуун өкүлдөрү
катышууда.
Кайрат Торебаев, соода интеграция вице-министри:
- Биздин региондор өз ара аракеттенүүчү платформа болгон
эмес, аймактар ар бир өлкөнүн экономикасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Ошондуктан бул аянтча аймактардын ортосундагы диалогду түзүүгө багытталган. Бул
жерде өлкөлөр ортосундагы мамилелер өнүгүп, мамлекеттер ортосунда боордоштук
келишимдерге кол коюлуп, региондор ортосундагы кызматташтык, өзгөчө инвестиция
жаатында өнүгүп жатат. Маселен, Башкортостан Актөбе облусуна жана Казакстандын
башка аймактарына инвестиция сала баштады.
Радий Хабиров, Башкортостан Республикасынын башчысы:
- Башкортостан Республикасына инвестиция тартуу үчүн тартымдуу
шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, жеңилдетилген зоналар, атайын экономикалык
аймактар жана салык жеңилдиктери каралган. Бул чаралар тартылган каражаттардын,
анын ичинде биздин казакстандык өнөктөштөрдүн коопсуздугуна жана
натыйжалуулугуна багытталган.
Ата мекендик ишкерлер өнөктөштүктүн эң келечектүү
багыттары - унаа жасоо, химия өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, жеңил
өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси деп эсептешет. Белгилей кетсек, форумга эң
жогорку деңгээлде маани берилип жатат. Анын ишине Казакстандын жана Орусиянын
лидерлеринин катышуусу пландалууда. Тараптар аймактар аралык жана чек аралар
аралык кызматташуу программасына кол коюу ниетинде. Ал 12 тармакта 140ка жакын
иш-чараны камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков