Быйыл Казакстандын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогуна төрагалыгы аяктайт. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктоочу эл аралык конференциясы «Аймактагы гендердик зордук-зомбулукка каршы биргелешкен чечимдерди издөө» темасына арналды. Мунун алкагында борбор калаада региондун бардык мамлекеттеринин өкүлдөрү чогулушту. Жыйында катышуучулар аталган теманын алкагында биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Эми кийинки диалогго Кыргызстан төрагалык кылат. Эске сала кетсек, буга чейин өлкөнүн демилгеси менен гендердик теңчилик, глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү менен терроризм, экстремизмге каршы күрөшүүдө аялдардын ролу сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, кыз-келиндердин заман талабына ылайык, инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүүдө активдүүлүгүн жогорулатууга артыкчылык берилди.
Жүлдыз Сүлейменова,
Парламент Мажилисинин депутаты:
- Санариптик
дүйнөдө аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Ошондой эле, «technovation girls»
деп аталган көптөгөн «STEAM» программаларынын арасында аялдардын жалпы
санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын программалар бар. БУУнун
өнүктүрүү программасы жана БУУнун аймактык программасынын алкагында превентивдүү
дипломатия, мындай программанын Казакстанга келиши, муну менен катар, айылдагы,
алыскы аймактардагы аялдардын сабаттуулугун өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштарды
киргиздик.
Танзила
Нарбаева, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилиси Сенатынын төрайымы:
- Мен Казакстан
Республикасы гендердик теңчиликке байланышкан мыйзамдар боюнча тажрыйба
алмашууда жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жаатында өкмөттөрдүн
тиешелүү чечимдерин жана мыйзамдарын аткарылышына парламенттик көзөмөлдү
күчөтүү боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин күч-аракетин бириктире алганын
баса белгилегим келет. Эң негизгиси бул маселеге коомчулуктун, бейөкмөт
уюмдардын көңүлүн бурдурду. Мындан тышкары, ал төрагалык кылган мезгилде биздин
аймактык диалогубузду эл аралык деңгээлге чыгарды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков