Президент республикалык референдумда добуш берди

Касым-Жомарт Токаев атомдук электр станциясын куруу боюнча республикалык референдумда добуш берди. Өлкө башчы өз тандоосун жасагандан кийин брифинг өткөрдү. Президент эң оболу референдум тууралуу пикирин айтып, андан кандай жыйынтык күтөрүн айтты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүн тарыхый күн. Элибиз атомдук электр станциясын курууга добуш берип жатат. Референдум – бул түз демократиянын абдан эффективдүү механизми. Элибиз кандай чечим кабыл албасын, мамлекетибиздин акыркы түйүнү ошол болот. Натыйжа оң болот деп ойлойм. Чындыгында бул тагдыр чече турган окуя. Ошондуктан мен референдумду колдойм.

Андан кийин президент «Эгер референдумдун жыйынтыгы боюнча АЭСтин курулушун элибиз колдосо, анын курулушун кайсы мамлекет жүргүзөт?» - деген суроого жооп берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бул оңой маселе эмес. Өкмөт талдап, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Менимче, Казакстанда эң алдыңкы технологиялары бар дүйнөлүк компаниялардан турган эл аралык консорциум иштеши керек. Калганын убакыт көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков