Өлкө экономикасына 12 триллион теңгеден ашык инвестиция салган 800 инвесторго прокурордук жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, бир жыл ичинде инвесторлорго байланыштуу мамлекеттик органдардын 700дөн ашык чечимдерине макулдук берилген эмес. Бул тууралуу Казакстандын президентине республиканын Башкы прокурору билдирди. Жалпысынан Берик Асыловдун айтымында, инвестициялык долбоорлорду колдоо жүрүшүндө «прокурордук чыпканы» колдонуу өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Мамлекет башчысына санариптик инвестициялык платформанын жигердүү кызмат көрсөтүп келе жатканы тууралуу да маалымат берилди. Платформа жалпы улуттук пулга кирген долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Башкы прокурор 80 миңден ашуун ишкер менен 979 миң калктын укуктары корголгонун белгиледи. Мамлекетке 627 миллиард теңгеден ашык компенсация кайтарылды. Касым-Жомарт Токаев бардык тармактарда мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча ишти улантууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

