Казакстан президенти агроөнөржай комплексинин дараметин бекемдөөнү тапшырды

Казакстан президенти агроөнөржай комплексинин дараметин бекемдөөнү тапшырды

Көп киреше алып келүүчү дан эгиндерине өтүүнү улантуу, чийки затты сактоо жана аны терең кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү, өнүмдү чет өлкөлөргө экспорттоону колдоо. Казакстандын президенти өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин дараметин бекемдөө тапшырмасын берди. Өткөн жылы экономиканын башка тармактарына салыштырмалуу айыл чарбасы өнүгүү темпинен озуп кетти. Бул жазгы талаа өнөктүгү үчүн арзан насыялардын көлөмүнүн олуттуу өсүшүнүн аркасында жетишилди. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, быйыл бул өнөктүккө кеминде 700 миллиард доллар багыттоо керек. Ошол эле учурда малчыларга жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчүлөргө арзан насыя берилиши кажет. Муну менен катар Президент субсидиялоонун аз натыйжалуу ыкмасынан жеңилдетилген насыялоого өтүү боюнча мурда коюлган милдетти эске салды. Мамлекет башчысынын бул тапшырмасын республиканын дыйкандары колдошту.¤


Иван Веселовский, Агро инновация жана биотехнология илимий институтунун кызматкери:


- Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү өлкөбүздүн экономикалык абалына оң таасирин тийгизет деп ишенем. Ошондой эле субсидиядан насыялоого өтүү агрардык өнөр жайдын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизет деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков