Бүгүн Акордада Казакстанга расмий сапар менен келген Конго Республикасынын
Президентин салтанаттуу тосуп алуу аземи болду. Касым-Жомарт Токаев менен Дени
Сассу Нгессо расмий делегация мүчөлөрүн бири-бири менен тааныштырышты. Ардактуу
кароол ротасынын башчысы куттуктоо рапортун берип, эки өлкөнүн гимндери
жаңырды. Салтанаттын соңунда президенттер чакан жана кеңейтилген курамда
сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков