Казакстанда эгиндин 98 пайызы жыйналып, 25 миллион
тоннадан ашык дан бастырылды. Президентке үстүбүздөгү жылдын 9 айында агрардык
тармактын өнүгүү жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Айыл чарба министринин
айтымында, дыйкандар быйыл рекорддук сандагы кант кызылчасын жыйнаганы жатат:
1,2 миллион тонна. Мындан тышкары, 9 айда 796 миң тоннадан ашык эт өндүрүлгөн.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көп. Ал эми сүт өндүрүү
4,2 пайызга өстү. Айдарбек Сапаров 2028-жылдын иш планы менен тааныштырды. Жолугушуунун
соңунда президент агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү жана азык-түлүк
коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков