Үчтүн айындагы окуяга байланыштуу 2 миңден ашуун экспертиза дайындалды

Үчтүн айындагы окуяга байланыштуу 2 миңден ашуун экспертиза дайындалды

Үчтүн айындагы окуяларга байланыштуу 2 миңден ашуун экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Казакстандын Юстиция министрлигинен билдиришти. Айта кетсек, баш аламандык учурунда каза болгондордун өлүм себебин аныктоо сот адистерине жүктөлдү. Изилдөө иштери 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Адистердин штатын күчөтүү үчүн Алматы шаарына аймактардан кошумча 26 адис тартылды. Сот-экспертиза борборунун кабарлашынча, алар тиешелүү изилдөөлөрдү жеринде жүргүзүүгө жардам беришет. Аны менен катар, өзгөчө кырдаал учурунда жапа чеккен аймактарга кошумча адам ресурсу тартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков