Бул Австриянын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин чыгармачылык ишинин жемиши. Элчи барган жерине дипломатиялык мамилелерди орнотуудан тышкары маданий жана руханий байланыштарды түзүүгө да басым жасайт. Маанилүү иш-чаралар учурунда алган таасирлерин сүрөт аркылуу жеткирүүнү адатка айландырган. Көргөзмөгө акыркы 15 жылда жаралган 120 эмгек коюлган. Анын көпчүлүгү Казакстанда пайда болгон. Башкалары Конгодо, Женевада, Брюсселде жана Дохада, Тель-Авивде жаралган. Чебер калемгер жана дипломат, жыгачтан оюм жасоо боюнча кур эмес. Кээде ички жан дүйнөсүндөгү ой толгоолорун ырлар аркылуу жектирет. Белгилей кетсек, көргөзмөдө сатылган эмгектерден түшкөн каражат өлкөдөгү кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Вилли Кемпель, Австриянын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Артымда турган жыгач панно боюнча иш Катарда тунистик сүрөтчү менен биргеликте жасалган. Пандемиядан улам аны кеңири жайылтууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан бул эмгектин бет ачары Астанада өттү деп айта алам. Анда SIM карталар жыгачтан оюлуп жасалган. Бүгүн мен дүйнөнү багындырган байланыш каражаттарынын түрдүү багыттарын сүрөттөп бердим. Аларды түсү жана стили менен өзгөчө кылып көрсөттүм. Бул глобалдык байланыштын оң жана терс таасирлери бар. Адамдарды жакындата турган касиетинен тышкары, адамдарды интернет дүйнөсүнө тартып, убакытты текке кетирүүгө таасирин тийгизери белгилүү. Мен бул көйгөйдү ушинтип жеткирүүгө аракет кылдым. Дегеле менин чыгармаларым ар ким өзүнүн алтын ачкычын таба алат деген мааниде жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков