Ашхабадда жаңы автобустар жүрө баштады

Ашхабадда жаңы автобустар жүрө баштады

Түркмөнстандын борборунда жаңы автобустар ишке кирди. Кытайда жасалган 700 коомдук транспорт Ашхабаддын көчөлөрүнө чыкты. Алардын бардыгы борттогу компьютерлер жана GPS системалары менен жабдылган, бул диспетчерлерге алардын жайгашкан жерин жана ылдамдыгын реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Жол кирени алуу да санариптик. Жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрү кылдаттык менен каралып чыкты, анын ичинде пандус жана үн билдирүү системасы бар. Жаңы автобустарды ишке киргизүү чечими Түркмөнстандын 2052-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасынын алкагында кабыл алынды.

Ахмед Байрамов, Түркмөнстандын автоунаа транспорту министрлигинин жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча Түркмөн мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнүн gps--мониторинг боюнча адиси:

- Автобус кайда жүргөнүн, багытында баратабы, ылдамдыкты сактайбы, көрө алабыз. Мунун баары шаардагы абалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, автобус кечигип калса, биз кабарлайбыз. Бул шаар тургундары үчүн коомдук транспортту болжолдуураак кылат.

Ван Цян Блус, «Yutong bus co.Ltd» компаниясынын  IT-өнүм менеджери:

- Бул телематика системасы Транспорт министрлигинин кызматкерлерине автобустардын негизги маалыматтарын алыстан карап чыгууга, камеранын түз ленталарын алууга, күйүүчү майдын сарпталышын жана башка статистиканы анализдөөгө мүмкүндүк берет. Тиешелүү система барактары бул экрандарда көрсөтүлөт. Бул бүткүл унаа паркка ыңгайлуу жана эффективдүү бирдиктүү мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жаммалбеков