Орусияда Чокон Валиханов тууралуу жыйнак жарык көрөт

Орусияда Чокон Валиханов тууралуу жыйнак жарык көрөт

Бул жердеги казак-орус достук борборунун адистери керектүү маалыматтарды топтоп жатышат. Омбудагы кадет корпусунда окуган Чокон өзүнүн алгачкы эмгектерин да ушул жерде жазып, дүйнөлүк илимдин өнүгүүсүнө жол ачкан. Муну жергиликтүү тургундар жакшы билишет. Алар Чокон эки өлкөнүн илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилешет.

Валентина Харитонова, Омбу шаарынын тургуну:

- Ушундай улуу инсандар тууралуу көп айтып, аларды даңазалашыбыз керек деп эсептейм. Анткени мен Чокон Валихановдун илимий эмгектерин өзгөчө баалайм жана сыйлайм. Шаардын так ортосуна эстелик ачуу туура деп ойлойм.

Улуу агартуучунун ысымы билим борборлорунда да даңазаланып келет. Облус борборундагы базалык окуу жайында «Чокон Валиханов» атындагы стипендия каралган. Негизги максат – агартуучунун атын жаштар арасында жандандыруу.

Махабат Каптуров, Ч. Валиханов атындагы Казак-орус достук борборунун төрагасы:

- 14 адам окумуштуунун атындагы стипендияга ээ болушту. Алардын баары билимдүү, башкаларга үлгү болгон жигердүү жаштар. Келечекте стипендия алуучулардын саны көбөйөт деп ишенем.

Алиса Лисицкая, ашкана кызматкери:

- Чокон Валиханов илимпоз, тарыхка чоң салым кошкон. Этнограф жана саякатчы катары да белгилүү. Ал улуу адам болгон. Ошон үчүн анын Омбу шаарында бир канча убакыт жашаганына сыймыктанабыз. Кадет корпусунда окуп, из калтырган окумуштуу тууралуу жаштарыбыз, шаар коноктору көбүрөөк билсе экен деп тилейм.

Белгилей кетсек, 2004-жылы шаарда агартуучунун эстелиги ачылган. Мындан тышкары Омбуда Чокон атындагы көчө бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков