Париждеги Луврда Казакстандын улуттук көргөзмөсү өтөт. Учурда тараптар алдын ала макулдашууга жетишти. Ошондой эле, Луврга коюла турган Казакстандын Улуттук павильонунун концептуалдык долбоору иштелип чыкты. 2026-жылы өткөрүлүшү пландалган көргөзмө «Казак талаа цивилизациясынын маданий коду» комплекстүү илимий-экспозициялык долбоордун алкагында даярдалат. Долбоор өлкөнү дүйнөгө, анын ичинде салттуу мурастар аркылуу таанууну жогорулатуу максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Маданият жана маалымат министрлиги көргөзмөнү уюштурууга даярданып жатат. Мекеме француз өнөктөштөрү менен да алаканы бекемдей турганын белгиледи. Бул идея биринчи жолу былтыр бештин айында Касым-Жомарт Токаевдин Францияга жасаган иш сапары учурунда айтылган. Дүйнөдөгү эң чоң жана эл көп келген музейдин залында биздин заманга чейинки IV миң жылдыктан 19-кылымдын ортосуна чейинки мезгилди камтыган экспонаттар коюлат. Экспозициянын негизин Казакстандын бир катар музейлеринин коллекцияларындагы сейрек кездешүүчү артефакттардын түп нускалары түзөт.
Гүлзейнеп
Пазылова, КР Маданият жана спорт министрлиги департамент башкармасынын жетекчиси:
- Улуттук
көргөзмөгө коюла турган экспонаттардардын курамын аныктоо, улутубуздун
маданиятын, тарыхын ачып бере турган улуттук баалуулуктарыбыздын тизмесин түзүү
иштери жүрүүдө. Бул иштин жүрүшү эки-үч айга созулушу мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков