Ратификацияланган протоколго ылайык, тараптарга юридикалык кызмат көрсөтүүчү компетенттүү мекеме Башкы прокуратура болуп белгиленди. Буга чейин бул милдет Ички иштер органдарына жүктөлгөн. Ошол эле учурда тараптардын бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берүүсүн караган беренеге өзгөртүү киргизилди. Документ эки өлкөнүн ортосундагы жарандык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө салым кошоору күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков