Казакстанда
үй-бүлө, аялдар жана балдар маселелери боюнча ишеним телефону иштей баштады. Бул
тууралуу вице-премьер-министр Тамара Дүйсенова билдирди. 111 - Аманат бирдиктүү
мамлекеттик байланыш номерине стационардык жана уюлдук телефондордон сутка бою акысыз
байланышса болот. Мындан тышкары, жарандарга билдирүүнүн тексти менен кеңеш
берүү каралган. Кыйын кырдаалда калган казакстандыктарга жардам берүү үчүн тажрыйбалуу
психологдор жана юристтер тартылган. Кырдаалга карабастан ар бир адамдын абалы
иликтенип, тиешелүү мамлекеттик орган менен байланыш жана милдеттүү түрдө кайта
байланыш түзүлөт. Өкмөттөн билдиришкендей, бирдиктүү ишеним телефону
мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар тармагындагы 101, 102, 103 номурларына киргизилет.
Бул өз кезегинде жарандарга убагында юридикалык жана психологиялык
кеп-кеңештерди берип, кырсыктардын же жарандар тарабынан мыйзам бузуулардын
алдын алууга шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков