Түштүк Кореяда Азиядагы казактардын курултайы өттү

Түштүк Кореяда Азиядагы казактардын курултайы өттү

Маданий байланыштарды чыңдоо, казак тилин, каада-салттарын жана улуттук баалуулуктарын сактоо, тажрыйба алмашуу. Сеулдагы Хангук чет тилдер университетинде Азиядыг казакстандыктардын экинчи курултайы өттү. Иш-чараны Казакстандын Кореядагы Элчилиги, «мекендештер» фонду жана  «Qazaq Nomad Korea» ассоциациясы уюштурду. Курултайга Азияда жашаган 200гө жакын этникалык казак, анын ичинде Түштүк Корея, Малайзия, Жапония, Кытай жана Монголия катышты. Алгачкы  күнү бул жерде конференция, ошондой эле сынак болуп, анда казак тилинде оратордук өнөр боюнча корей студенттери күч сынашты.


Катышуучулар жана коноктор бул жерде казак зергерчилигинин бай салттары, улуттук тамак-аштар жана белгилүү элдик ырлар менен таанышышты.


Ал, эми экинчи күнү курултайдын катышуучулары Нооруз майрамын белгилешти. Программа-ыр аткаруулар салттуу бийлер жана улуттук оюндар менен коштолду. Уюштуруучулар казактын улуттук кийим-кечек, кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсүн даярдашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков