Казакстан БАЭ менен көп тараптуу кызматташтыкты
өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул тууралуу мамлекет башчы федералдык мамлекеттин
Казакстандагы элчиси Мухаммад Саид Мухаммад аль-Арики менен жолугушууда
билдирди. Тараптар буга чейин жогорку
деңгээлде жетишилген соода-экономика жана инвестиция тармагындагы макулдашууларды
ишке ашырууну талкуулашты. Ошондой эле Казакстан менен БАЭ ортосундагы
стратегиялык инвестициялык долбоорлор боюнча биргелешкен декларациянын
алкагында ишти улантуу зарыл экендиги белгиленди. Касым-Жомарт Токаев Бириккен
Араб Эмираттарынын өкүлчүлүк делегациясынын Астанада өткөн ШКУ саммитине
катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков