Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев VI Каспий саммитине катышуу үчүн Ашхабадга келди. Негизги иш-чаранын алдында Казакстандын президенти Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Каспий саммитинин маанисин баса белгилеген Касым-Жомарт Токаев анын жыйынтыгы Каспий жээгиндеги мамлекеттердин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары да чыңдоого олуттуу салым кошоорун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын горизонтторун кеңейтет деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде Сердар Бердымухамедов Каспий деңизинин кызыкчылыгы үчүн жолугушуу өткөрүлөрүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков