Касым-Жомарт
Токаев АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммитине
катышат. Жолугушуу аяк оона айында БУУнун Башкы ассамблеясында “С5+1”
форматында өтөт. Акордада Касым-Жомарт Токаевге Ак үйдүн башчысы Джо Байдендин
чакыруусун АКШ Сенатынын Улуттук коопсуздук жана өкмөттүк иштер боюнча
комитетинин төрагасы Гэри Питерс тапшырды. Саммитте
лидерлер коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында
бирдиктүү максаттарды алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен иштерди талкууга
алышат. Эске сала кетсек, платформа негизделгенден бери Борбордук Азия өлкөлөрү
менен Курама штаттардын ортосундагы министрлер деңгээлиндеги диалог жана
кызматташтык талдоочулук жолугушуулар менен тематикалык жумушчу топтор аркылуу
кеңейтилип келди.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков