Сенатта жаңы бюджет кодекси каралды

Сенатта жаңы бюджет кодекси каралды

Кирешелердин ачыктыгын жана чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Сенаторлор жаңы бюджеттик кодексти жана аны коштогон мыйзамды эки окууда карашты. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча иштелип чыккан документ өлкөдө эл аралык стандарттарга жана заманбап чакырыктарга жооп берген ийкемдүү бюджет системасын түзүүгө багытталган. Ошондой эле өлкөнүн казынасына катышуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу көздөлгөн. Башкача айтканда учурда колдонуудагы мыйзамдарды түп-тамырынан бери жакшыртуу маселелери чагылдырылды. Талкуу учурунда жогорку палатанын депутаттары аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү концептуалдык жактан колдоорун билдиришти. Бирок, ал өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн маанилүү документтерге бир катар сунуштарды киргизип, Мажилистин кароосуна жиберди. Түзөтүүлөрдүн көпчүлүгү региондорду өнүктүрүүгө жана өз алдынчалыкты камсыз кылууга багытталган.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Жалпысынан алганда, жаңы бюджеттик кодекстин кабыл алынышын президентибиздин тапшырмасын ишке ашыруу боюнча аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин тыгыз жана натыйжалуу ишинин жыйынтыгы катары кабылдайбыз. Бүгүн каралган мыйзамдар мамлекеттин фискалдык саясатын натыйжалуу ишке ашырууга жана өлкөнүн стратегиялык документтеринде аныкталган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков