Казакстан-Өзбекстан: Стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо

Казакстан-Өзбекстан: Стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо

Казакстандын Президенти Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Аэропортто Касым-Жомарт Токаевди өзбек лидери Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары казак-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын өнүктүрүүнүн келечектеги келечектерин талкуулашты. Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери дагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынына катышты. Касым-Жомарт Токаев эл аралык кырдаал татаал болуп турган шартта өлкөлөр соода алакада өз ара аракеттенүүнүн динамикасын күчөтүшү керектигин белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Эки тараптуу сооданы өнүктүрүү, өсүү чекиттерин издөө, товарлардын түрлөрүн кеңейтүү, чийки эмес экспортту стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарыл. Буга байланыштуу, өз убагында макулдашканыбыздай, өз ара товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга чейин көбөйтүү программасын ийгиликтүү ишке ашыруу маанилүү. Бүгүн түзүлүп жаткан аймак башчыларынын кеңешинин, ошондой эле эки тараптуу башка механизмдердин, анын ичинде Ишкерлер кеңешинин жана UzKazTrade биргелешкен соода компаниясынын ишинен практикалык натыйжаларды күтөбүз.


Казакстандын президентинин айтымында, эки өлкөнүн айыл чарбасында кызматташуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Касым-Жомарт Токаев этти, данды жана май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүдө, мал чарбасын өнүктүрүүдө толук өндүрүштүк чынжырларды түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, өлкөлөр сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча да кызматташа алышат. Өнөр жай кооперациясын да унутпоо керек. Айта кетсек, учурда өлкөлөр 78 долбоорду ишке ашырып жатышат. Транзиттик-транспорттук дарамет көңүл борборунда. Касым-Жомарт Токаев өзбек тарапты Транскаспий коридорун биргелешип өнүктүрүү үчүн Актау жана Курык портторундагы өнөктөштүккө чакырды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөлөрдүн ортосундагы темир жол аркылуу ташуу көлөмү 15%дан ашык өсүп, 22 миллион тоннадан ашты. Тарифтик саясатты мындан ары да биргелешип өркүндөтүү, жүктөрдү ташуу шарттарын жакшыртуу, чек арадагы өткөрүү пункттарын модернизациялоону улантуу боюнча макулдаштык.


Шавкат Мирзиёев, Өзбекстандын Президенти:


- Казакстан Республикасынын Президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевичтин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы союздаштык мамилелердин жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады. Бул сапар биздин көп пландуу кызматташтыгыбыздын жаңы тарыхындагы маанилүү окуя болуп, анын кеңейишине күчтүү түрткү берди. Жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер, албетте, биздин өнөктөштүгүбүздү конкреттүү мазмун менен толуктап, биргелешкен долбоорлор үчүн жаңы горизонтторду ачып, эки боордош өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн бекем негизин түзөт.


Казакстан менен Өзбекстандын президенттери сүйлөшүүлөрдөн кийин онлайн форматта жалпы суммасы 1,2 миллиард долларды түзгөн жети биргелешкен долбоорду ишке киргизүүнү башташты. Бул долбоорлор өнөр жайдан логистикага, каржыдан курулушка чейинки тармактарды камтыйт. Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевди «Жогорку даражадагы достук» ордени менен сыйлады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Биргелешкен билдирүү кабыл алып, бир нече маанилүү документтерге кол коюшту. Алардын бири - эки өлкөнүн аймак башчыларынын кеңешин түзүү жөнүндө. Мындан тышкары, дагы 13 өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков