Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Ал өлкөгө Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен келмекчи. Сапардын алкагында эки тараптын лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү, транспорт, логистика жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле гуманитардык мамилелерди тереңдетүү маселелерин карашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери казак-герман бизнес форумуна катышат. Ошондой эле, Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Казакстандын жана Германиянын университеттери ректорлорунун форумунда сөз сүйлөйт. Иш сапардын алкагында Германиянын лидери Маңгыстау облусуна барып, аймактын экономикалык дарамети менен таанышат. Федералдык президент Казакстан-Германия инженердик институтунун ачылышына жана швед-немис компаниясынын жашыл суутек өндүрүүчү заводунун сыноо бургулоо иштеринин башталуу иш-чарасына катышары пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков