Туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан ЕАЭБ жана Борбор Азия мамлекеттеринен алдыда

Туруктуу өнүгүү рейтингинде Казакстан ЕАЭБ жана Борбор Азия мамлекеттеринен алдыда

Республика Орусиядан 39, Өзбекстандан 47 орун жогору турат. Мындай натыйжага өлкөнүн ири компаниялардын бизнес моделине ESG принциптерин киргизүүнүн аркасында жетишилди. Аталган компаниялар экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин чечүүгө жигердүү катышып жатканын билдирет. Бул принциптерди ички рынокто системалуу түрдө биринчилерден болуп оор өнөр жайынын жана өндүрүш тармагынын ишканалары ишке ашырышты. Республиканын каржы мекемелери да бул багытта өздөрүнүн иштерин күчөттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков