Казакстанда унаа жасоонун көлөмүн көбөйтүү
пландаштырылууда. 2028-жылга чейин тармак 1 триллион 700 миллиард теңгеге
150дөн ашык долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Анын ичинен быйыл 217
миллиард сомдук 29 долбоор ишке киргизилет. Алар бир гана автоунаа ишканалары эле
эмес, ошондой эле темир жол, айыл чарба, электротехника, мунай-газ жана тоо-кен
металлургия унаа жасоо тармактарындагы өндүрүш. Жалпысынан беш жылдыкта
мамлекетке өнүм чыгарууну эки эседен ашык арттыруу каралган. Ал эми экспорттун
көлөмү бул убакытка чейин үч эсе көбөйөт. Индустрия министрлигинин маалыматы
боюнча, өткөн жылы өнөр жайдын бул түрүнө салынган чет элдик инвестиция
рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ал беш жүз миллион долларды түздү. Үстүбүздөгү
жылдын биринчи чейрегинде гана бул көрсөткүч АКШ валютасында 200 миллиондон
ашты.
Марат
Карабаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
Кайра иштетүүчү өнөр жай
тармактарынын ичинен унаа жасоо эң динамикалуу өнүгүп келе жатканын белгилей
кетүү керек. Эгерде акыркы 5 жылдын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын орточо
өсүү темпи 4,5%ды түзсө, унаа жасоо 17,6%га өстү. Ишке ашыруу пландалган
долбоорлордун арасында Орусия, Кытай жана Өзбекстандын өнөктөштөрү менен
биргелешкен долбоорлор бар.
Унаа жасоону өнүктүрүүнүн комплекстүү планын жүзөгө ашыруунун эсебинен өндүрүштө
жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө болорун
Министрлер Кабинетинин башчысы белгиледи. Учурда анда жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат. Алихан
Смаилов аны тез аранын ичинде макулдашып, тиешелүү токтом чыгарууну тапшырды.
Анын айтымында, бул ишке Өнөр жай министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар
жана уюмдар менен бирдикте катышуусу керек.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Мамлекеттин колдоосу
менен ата мекендик ишканалар туруктуу жумуш орундарын түзүү, ошондой эле жаңы
өндүрүштөрдү ачуу жана иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо аркылуу
өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошо алышат. Индустрия
жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги унаа жасоону өнүктүрүү боюнча
белгиленген пландарды аткаруу боюнча ишти күчөтүүсү керек.
Которгон: Илгиз
Жамлабеков