Тизмеге зергерчилик, IT жана оюндарды иштеп чыгуу, маданий мурас, телепрограммалар, фото-сүрөттөр жана дизайн, архитектура жана мода, музыка, кино жана анимация, ошондой эле кээ бир маданий жана эс алуу мекемелери кирет. Эми тармактагы ишканалар мамлекеттик колдоо ала алышат. Жардам берүү чаралары быйылкы жылы Өкмөттүн кароосуна сунушталат. Ошондой эле чыгармачыл тармакты колдоо үчүн өзүнчө корпоративдик фонд түзүү пландалууда. Эске салсак, 2025-жылга карата креативдүү индустриянын өлкө экономикасына кошкон салымын 5%га чейин, ал эми кичи жана орто бизнестин санын 80 миңге жеткирүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков