2023-жылдын
биринчи жарымында эле Казакстан Ооганстанга 8 миң тоннага жакын өсүмдүк майын
экспорттогон. Өткөн жылдын 12 айында бул көрсөткүч дээрлик 18 миң тоннаны түзгөн.
Алдыда өлкө жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Белгилей кетсек,
2023-жылдын алты айында Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан Казакстандын май жана
мунай өнүмдөрүн сатып алуучулардын үчилтигине кирди. Бул тизмеде Ооганстан
5-орунда турат.
Ядыкар
Ибрагимов, майлуу өсүмдүктөрдү кайра иштетүүчүлөр улуттук бирикмесинин башчысы:
Буга байланыштуу
бизде бул рынокто мунай өнүмдөрү ишканаларынын үлүшүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгү
бар. Колдо болгон көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, оогандар Казакстан менен иштешүүнү
каалап жатканын көрүүгө болот. Ошентип, биз орусиялык экспортерлор менен
атаандаша алабыз. Бүгүнкү күндө ооган базары күн карама майын сатып алууга
даяр.
Эске сала кетсек,
Астанада өткөн Казакстан-Ооган форумунда тараптар 190 миллион доллардан ашык келишимдерге
кол коюшкан. Анын 22%ы күн карама майынын экспортуна туура келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков