Казакстанда Азия соодасын жана маданиятын өнүктүрүү бирикмеси түзүлдү

Казакстан-Азия соода жана маданиятты өнүктүрүү ассоциациясы түзүлдү. Жаңы бирикме өлкөнүн континенталдык мамлекеттер менен экономикалык жана руханий байланыштарын чыңдоого аракет кылат.  Ата мекендик өнүмдү жайылтуу боюнча түрдүү иш-чараларды уюштуруу, ири инвесторлорду тартуу жаңы бирикменин алдына коюлган милдеттери болуп саналат.  Улуттук баалуулуктарды жана өнөрдү башкаларга даңазалаган билим берүү программаларын түзүү маселеси да бирикменин артыкчылыктуу багыты болот. Мындан тышкары, уюштуруучулар Азия өлкөлөрүндө чыгармачыл индустрияны жана маданий борборлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин айтышат. Ассоциация бул иштерди координациялай алат. Бул үчүн атайын стратегиялык концепция кабыл алынды. Акылдуу системалардын мүмкүнчүлүктөрү эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда колдонулат.

Канат Бейсек, «Казакстан-Азия соода жана маданиятты өнүктүрүү бирикмесинин» башкарма төрагасы:

– Бул жаңы Казакстан менен Азиянын ортосундагы бизнестин жана маданияттын жыргалчылыгы үчүн жаңы технологияларды колдонууну билдирет. Ошол эле учурда «GPT-4 Chat» аркылуу жасалма интеллект аркылуу бизнес коомчулугуна көрсөтүлүп, азиялык бизнеске жана инвесторлорго Казакстандын мыйзамдарына тиешелүү суроолорго кылдат жооп берген программа ишке киргизилет. Кытай, жапон, корей, түрк, англис жана башка азиялык тилдерде жеткиликтүү болот.

Дүйсен Касейинов, «Казакстан-Азия соода жана маданиятты өнүктүрүү бирикмесинин» тең төрагасы:

– Казакстан-Азия соода жана маданиятты өнүктүрүү бирикмеси максат-милдеттерин аныктаган уюм. Чоң иштерди алдыга багыттады. Стратегиялык концепциянын пландары масштабдуу. Эң негизгиси концепцияда бардык мамлекеттердин өнүгүүсү камтылган. Бул Казакстандын эл аралык аброю үчүн абдан керек. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков