Нур-Султанда Astana Finance Days 2022 иш-чарасы башталды

Нур-Султанда Astana Finance Days 2022 иш-чарасы башталды

Борбор калаада мамлекет башчысынын катышуусунда салтка айланган эл аралык Astana Finance Days иш-чарасы башталды. Анда чет өлкөдөн атайын чакырылган спикерлер туруктуу социалдык-жооптуу өсүүнү камсыз кылуу үчүн колдонуудагы жана жаңы системалык инструменттердин дараметин талкуулашат. Эффективдүүлүктү жана камтууну жогорулатуу үчүн санариптик инструменттер, бардык адамдар үчүн капиталга эң мыкты жеткиликтүүлүк, ошондой эле туруктуу өсүштү камсыз кылуу үчүн инвестиция, финансы жана башка актуалдуу темалар тандалып алынды. Жыйынга 29 мамлекет, анын 13ү оффлайн режиминде катышууда. Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү конференция 2018-жылдан бери «Астана» эл аралык каржы борбору тарабынан уюштурулуп келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков