Жылдын жыйынтыгы
боюнча Казакстандын ИДӨнүн өсүшүнүн 70%дан ашыгын өнөр жай, соода жана
транспорт камсыздады. Өсүштү инвестициялар да көрсөттү. Негизги капиталга
салынган инвестициялар 18,5 триллион теңгеге жетти, ал эми жеке
инвестициялардын агымы дээрлик 10%га көбөйдү. Өлкөнүн социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге
Премьер-министр баяндады. Олжас Бектеновдун айтымында, үчтүн айы-жетинин
айларында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшү 20%дан ашыкты, курулуш дээрлик
15%, сооданын өсүшү 9%га жакынды, айыл чарбасы 6,1%, кайра иштетүү өнөр жайы да
дээрлик ушунча пайызды түздү. Ошондой эле Мамлекет башчысына 2026-2028-жылдарга
макроэкономикалык турукташтыруу программасын ишке ашыруу, тышкы сооданы
тездетүү үчүн чек арадагы беш өткөрүү пунктун жаңылоо, ата мекендик товар
өндүрүүчүлөрдүн реестрин ишке киргизүү жана чакан бизнести колдоонун «Ишкер аймак» бирдиктүү
программасын кабыл алуу жөнүндө маалымат берилди. Мындан тышкары, Министрлер
кабинетинин жетекчиси айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө жана экспорттоого
басым жасоо менен түшүмдүн көлөмүн мындан ары да көбөйтүү пландары жөнүндө
отчет берди. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн туруктуу
өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча ишти улантууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

