Түрк тилдүү
мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын төрагалыгы Азербайжандан Казакстанга
өттү. Рамиль Гасанов уюмдун башкы катчысы болуп шайланды. Анын талапкерлиги
Казакстандын борборундагы Кеңештин жыйынында бир добуштан колдоого алынды. Ошондой
эле, Астана декларациясы кабыл алынып, келечектеги пландар аныкталды.
Ерлан Кошанов,
Парламент Мажилисинин төрагасы:
- Жакынкы жыл
ичинде биздин ишибиздин эң маанилүү багыты болуп бардык тармактарда кызматташтыкты
чыңдоо, уюмдун эл аралык макамын бекемдөө, түрк өлкөлөрүнүн биримдигин
тереңдетүү эсептелет. Мындан тышкары, ТүркПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы
кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Белгилей кетсек,
өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 42 миллиард долларга
жеткен. Ал эми тышкы сооданын жалпы көлөмү бир триллиондон ашты. Бул
көрсөткүчтөр түрк өлкөлөрүнүн экономикалык байланыштарынын өсүшүнөн кабар
берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

