Экибастузда «Маалымат борборлорунун өрөөнүнүн» курулушу кулжа айында башталат. Аянтта геодезиялык иштер аяктап, инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, келечектеги модулдук блоктор үчүн чуңкурларды даярдоо жүрүп жатат. Долбоордун абалы өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында талкууланды. Эң мыкты эл аралык тажрыйбаларды жана технологиялык өнөктөштөрдүн талаптарын эске алуу менен электроэнергетика, маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу, маалыматтык коопсуздук маселелери да каралды. Демилгени ишке ашыруу үчүн жасалма интеллект жана булут чечимдери жаатындагы дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын дараметтүү катышуучуларынын пулу түзүлдү. Долбоордун алкагында жергиликтүү AI-экосистемасын өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо каралган. Ал эми alem.ai эл аралык борборунун базасында жасалма интеллект жаатындагы стартаптарды колдоо программалары ишке ашырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

