Эл аралык табиятты коргоо союзунун биринчи аймактык кеңсеси Өзбекстанда ишин баштады

Эл аралык табиятты коргоо союзунун биринчи аймактык кеңсеси Өзбекстанда ишин баштады

Өзбекстандын борборунда жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун биринчи аймактык кеңсеси ишин баштады. Анын милдети-Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшүү. Жаңы кеңсе улуттук жана регионалдык демилгелерди глобалдык экологиялык стандарттар менен байланыштырган талдоочулук платформага айланат. Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык биримдик экологиялык башкарууга, трансчегаралык суу өнөктөштүгүнө жана жаратылыш жерлерин калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат.

Гретель Агилар, Эл аралык табиятты коргоо союзунун башкы мүдүрү:

- Биз Өзбекстан эли, окумуштуулар, университеттин бүтүрүүчүлөрү жана аймактын жашоочулары менен тыгыз иштешүүнү каалайбыз. Жаратылышты коргоо абстрактуу маселе эмес, бул адамзаттын жашоо маселеси. Өзбекстанга климаттык өзгөрүүлөргө көнүүгө жардам берүүгө даярбыз. Бул жаратылышка гана эмес, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрүнө да тиешелүү. Биздин уюм жоголуп бара жаткан түрлөрдүн дүйнөлүк тизмесин түзөт. Эми Өзбекстандын маалыматтарын эске алуу менен региондогу биологиялык ар түрдүүлүктү дагы натыйжалуу коргой алабыз.

Азыр Өзбекстан экология маселесин жигердүү көтөрүп жатат. 2025-жыл өлкөдө «айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика жылы» деп жарыяланган. Белгилей кетсек, жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун кеңсеси республикадагы биринчи адистештирилген экологиялык окуу жайдын базасында ачылган. Бул жаштар, илимпоздор, изилдөөчүлөр жана серепчилер менен иштөөгө багытталган стратегиялык чечим.

Дмитрий Горшков, Ташкенттеги эл аралык табиятты коргоо союзу кеңсесинин башчысы:

- Университет дубалында кеңсенин ачылышы абдан пайдалуу. Студенттер, адистер менен байланышуу үчүн абдан ыңгайлуу жер. Иш-чараларды өткөрүүгө жана уникалдуу жаратылышты сактоо жана анын жашоочуларынын жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасоого Борбор Азия, ошондой эле Өзбекстан чоң таасирин тийгизет.

Шахло Турдикулова, Өзбекстандын илим академиясынын вице-президенти:

- Кеңсенин ачылышы бул кызматташтыктын горизонтун кеңейтет. Эң башкысы-Өзбекстанда сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн сыпаттоодо эл аралык стандарттар келтирилет. Быйыл Өзбекстандын Кызыл китебинин 6-басылышы даярдалып жатат. Биз Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен ынтымакта иштешип, жоголуп бара жаткан жаныбарларды сактап кала алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков