Өлкөнүн жаратылышы чет элдик туристтин көзү менен. Республиканын кооз жерлерин жана баалуулуктарын даңазалаган «Janym Qazaqstan» тасмасы көрүүчүлөргө коюлат. Анын желеси боюнча Түркиядан Казакстанга өлкөнүн кооз жерлерин тартууга келген Асия аттуу кыз менен Арман аттуу казак жигиттин окуясы баяндалат. Комедиялык тасмада керемет көрүнүштөр алкагынла сүйүү жана достук сезимдери өрчүйт. Атамекендик чыгарма Алматы, Чарын капчыгайы, Көлсай, Алтын Емел, Астана, Коргалжын улуттук сейил багы, Актау жана Бозжыра капчыгайында тартылган. Башкы продюсер Жасулан Сейсенханов бийик тоолор, чексиз талаалар, тунук көлдөр, өлкөнүн маданий ар түрдүүлүгү чет элдик көрөрмандардын өлкөгө болгон кызыгуусун арттырат деген ишенимде. Мунун баарын көрсөтүү үчүн тасма англис тилине да которулган.
Жасулан Сейсенханов, Тасманын башкы продюсери:
- Чет тилине которгондон кийин платформаларды ачабыз, ошол стримингдерге чыгабыз. Үчтүн айынын 17де биз Стамбулга барып, Казакстандын студенттерине көрсөттүк. Эми, бир жумадан кийин, Хьюстон шаарындагы Техас штатындагы аталган тасма көрсөтүлөт. Жалпысынан Казакстанда бир нече кооз, көрктүү жерлер көп: Бурабай, Катонкарагай, Баянаул, Каркаралы деген жерлерди кийинки ирет тасмага тартуу паландарыбыз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

